akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-26-11, 16:37

    Кыргызстандын облигациялар боюнча ички карызы 1,2 млрд сомго өстү

    Кыргызстандын облигациялар боюнча ички карызы 1 миллиард 219 миллион 611,3 миң сомго өстү. Маалымат Улуттук банктын сайтында жайгаштырылган.

    25-ноябрга карата сумма 168 миллиард 609,6 миллион сомду түздү. Көбөйүү 3 жана 10 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен казыналык облигацияларды жайгаштыруу менен шартталган. Анын ичинен 519,6 миллиону үч жылдык мамлекеттик казына облигациялары аркылуу, 700 миллион сому 10 жылдык МКО аркылуу болгон.

    Үч жылдык мамлекеттик облигациялар 22-ноябрда 13,26%, ал эми 10 жылдык облигациялар 16% менен жайгаштырылган.


    Тектеш материалды окуу