akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-08, 10:12

    Документсиз көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу пландалууда

    Кыргызстанда документтери жок салынган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

    Аталган документти Мамлекеттик курулуш агенттиги даярдаган.

    Ага ылайык, 2023-жылдын 31-декабрына чейин өз билемдик менен салынган кабат үйлөр мыйзамдаштырылат. Токтом күчүнө киргенден кийин мыйзамсыз имараттын ээлери 1 жыл ичинде мамлекеттик органдардан текшерүүдөн өтүп, уруксат кагаздарын, тиешелүү документтерди алышы керек. Болбосо имарат сүрдүрүлөт.