akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-07, 09:40

    Эки жылда «Санарип көчмөн» макамы 2 миң 300 адамга берилди

    Кыргызстанда 2 жыл ичинде “Санарип көчмөн” макамы 2 миң 300 адамга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

    Аталган статусту алууга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын жана Орусиянын жарандары арыз бере алат.

    “Санарип көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистерге берилет. 

    Белгилеп кетсек, санарип көчмөндөр Кыргызстанда бир жыл иштөөгө уруксат алып, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат.