akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-21-01, 10:22

    Кыргызстандын ички инвесторлорго карызы 171 млрд сомго өстү

    Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 20-январга карата 171 миллиард 26,3 миллион сомго жетти.

    Сумма 17-январга салыштырмалуу 1 млрд 710,2 млн сомго көбөйгөн. Бул 3 жылдык жана 7 жылдык облигациялар аркылуу мамлекеттик карыз алуунун көбөйүшүнө байланыштуу.

    Кошумчалай кетсек, 3 жылдык казыналык облигацияларды жайгаштыруу 17-январда 12,91%, 7 жылдык облигациялар 15,22% кирешелүүлүк менен ишке ашырылган.


    Тектеш материалды окуу