Жарыяланган
2024-19-12, 12:15"Дос-Кредобанк" ААКсы облигациялар боюнча кирешелерди төлөдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Жалпысынан 64 облигация кармоочуга 3 миллион 400 миң сом киреше чегерилген, алардын 61и 3,39 миллион сом алышкан.
Бирок үч облигация ээси жалпы суммасы 2,04 миң сомду түзгөн кирешесин ала элек. Мунун себеби облигация ээлеринен арыз түшкөн эмес.