Жарыяланган
2024-19-12, 12:542024-жылдын октябрында Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 272 миллион долларды түздү, бул 2024-жылдын сентябрына салыштырмалуу 4,5% аз (284,8 миллион доллар). Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Кирешенин негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн – 256,7 млн доллар, бул сентябрь айына салыштырмалуу 6,4% аз (274,3 млн доллар).
Октябрда КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн акча которуулар 15,3 млн долларды түздү, сумма сентябрь айына салыштырмалуу 46,11%га көп (10,5 млн доллар) жана бул негизинен АКШдан акча которуулардын 6,6 млн долларга чейин 160,5%га көбөйүшүнө байланыштуу болгон.