Жарыяланган
2023-29-12, 03:29Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамына байланыштуу 1-январдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан “Торугарт автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш кызматы билдирди.
“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2024-жылдын 2-январынан тарта жанданат.
“УКМКнын Чек ара кызматы “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункттары иш күндөрү кадимки режимде — дүйшөмбүдөн жумага чейин иштей турганын эскертет”, - деп билдирет Чек ара кызматы.
Дем алыш күндөрү - ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүү пункту аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.