Жарыяланган
2024-17-05, 10:06Улуттук банктын лицензиясы жок “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жасагандыгы үчүн кыргызстандык 21 жаранга айып тагылды.
Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы тарабынан ар бир адамга 17 миң 500 сомдон жана бир юридикалык тарапка 55 миң сомдон айып салынды.