Жарыяланган
2024-10-09, 11:04ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинде эң төмөн айлык Кыргызстанда. Мындай маалымат Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында жарыяланды.
Биздин өлкөдө орточо бир айлык номиналдык маяна 35 миң сомду түзөт.
Беларусияда 59 миң сомго, Арменияда 62 миң 500 сомго барабар.
Эң жогорку номиналдык айлык Россияда – 82 миң сом, Казакстанда болсо 77 миң 600 сомду түзөт.