Жарыяланган
2024-12-10, 09:58Өлкөдө орточо айлык акы 35 миң 650 сомду түздү. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,4 пайызга көп.
2024-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукция 952 млрд сомго жакындап, былтыркы жылдын ушул айларына караганда 8,4% көп болду.
Быйыл 9 айда өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 400 млрд сомду түздү.