akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-25-09, 10:09

    «О!Банктын» Башкармалыгынын экс-төрагасынын орун басары «Керемет» банкка ушундай эле кызматка өттү

    “Керемет Банк” ААК өзүнүн аткаруу органынын курамында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Директорлор кеңешинин 20-сентябрда кабыл алган чечимине ылайык, банктын жетекчилигине эки жаңы орун басар - Арайлым Калиева жана Дмитрий Шпильчин дайындалды.

    Буга чейин Кубанычбек Шапаков менен Руслан Султанов ээлеген кызматтарды  Калиева менен Шпилчин аркалайт. Жаңы дайындалган жетекчилер банктын уставдык капиталында үлүштүк катышууга ээ эмес.

    Кошумчалай кетсек, Дмитрий Шпильчин буга чейин “О!Банктын” Башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген. Бирок банктын директорлор кеңешинин 9-августтагы чечими менен анын ыйгарым укуктары токтотулган.
     


    Тектеш материалды окуу