Жарыяланган
2025-10-02, 09:053-февралдагы кезексиз жалпы чогулушта "Капитал Банктын" акционерлери директорлор кеңешинин курамына өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алышты. Тиешелүү маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Кабыл алынган чечимдердин алкагында Муса Жаманбаев банктын директорлор кеңешинин курамына кирди. Ачык булактарда ал буга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматын аркалаганын билүүгө болот.