Жарыяланган
2024-03-09, 09:44“Элдик Банк” Ат-Башы районундагы ири соода-логистикалык борбор “Нарын кургак порту” аймагында жаңы сактык кассасын ачты. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Жаңы аманат касса заманбап жабдуулар менен камсыздалган.
Тургундар бул жерде кеңири финансы кызматтарын ала алышат: эсеп ачуу, карталарды чыгаруу, “RSK24” мобилдик банкингди кошуу, акча которуулар, валюта алмаштыруу жана башка кызматтар каралган.