Жарыяланган
2024-04-11, 15:12Ушул жылдын 29-октябрында "Элдик Банк" ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өттү.
Жыйында банктын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынган. Тактап айтканда, 2024-жылдын 4-кварталына "Элдик Банк" ААКнын киреше жана чыгаша бюджети бекитилди.
Негизги чечимдердин бири акцияларды кошумча чыгаруу аркылуу банктын уставдык капиталын 800 миллион сомго көбөйтүү болду.
Ошондой эле банктын жаңы редакциядагы уставы бекитилди. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоо процедурасынан өтөт.
Мындан тышкары, акционерлер тарабынан банктын финансылык туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна баа берүү үчүн натыйжалуулуктун негизги индикаторун колдонуу боюнча нускаманын жаңы редакциясы бекитилди, ошондой эле 2024-2025-жылдарга директорлор кеңешин кармоого чыгымдар сметасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.