akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-06-11, 11:15

    Кыргызстанда 105 миң тоннадан ашык күйүүчү май маркаланды

    Кыргызстанда 105 миң тоннадан ашык күйүүчү май маркаланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

    Күйүүчү майды маркалоону “Учкун” ишканасы менен Салык кызматы ишке ашырууда.

    Жалпы 58,1 миң тонна дизель майы жана 46,9 миң тонна бензин маркаланган.

    Күйүүчү майды маркалоо милдеттүү болуп кирген октябрь айынан бери бюджетке күйүүчү-майлоочу майга акциздик салыктан 513,3 миллион сом түшкөн. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 117,5%га көп. 

    Эске салсак, Кыргызстанда 2024-жылдын 1-октябрынан тарта молекулярдык маркерлерди колдонуу менен өлкөгө ташылып келинген жана өндүрүлгөн бензинге жана дизель майына милдеттүү маркировкалоо киргизилген. 2025-жылдын 1-январынан тарта маркасы жок бензин жана дизель майын жүгүртүүгө тыюу салынат.


    Тектеш материалды окуу