Жарыяланган
2025-13-03, 17:20Электрондук санарип кол тамга эми "Түндүк" тиркемесинде онлайн жеткиликтүү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Электрондук кол тамга – бул кагазга коюлган кол тамганын санариптик аналогу. Ал өзүнө анын ээси жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды сактаган символдорду камтыйт. Аталган кол тамга Кыргызстанда 2017-жылдан тарта бериле баштаган.