Жарыяланган
2024-26-09, 13:50“Түндүк” мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтар пайда болду.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, эми колдонуучулар тиркеме аркылуу баланын каттоосу жөнүндө маалымкатты жана балдарына катталган кыймылсыз мүлктүн бар-жоктугун тастыктаган маалымкатты ала алышат.
Буга чейин бул документтерди алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна баруу талап кылынган.
"Балдар жөнүндө маалымат туулгандыгы тууралуу күбөлүк санариптештирилген учурда гана берилет", - дешти ведомстводон.