Жарыяланган
2025-22-01, 13:45Мамлекеттик салык кызматы cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетинен банктык карталарды (эквайринг) колдонуу менен салык төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизди.
Ведомстводон маалымдашкандай, эми салык төлөөчүлөр Элкарт, Visa жана MasterCard төлөм системаларынын карталарын колдонуу менен банктарга же салык органдарына барбай эле дүйнөнүн каалаган бурчунан салык төлөй алышат.
Эквайринг аркылуу салык төлөө үчүн Салык төлөөчүнүн кабинетинде төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
– "Салык төлөө" модулуна өтүү;
– "Өтүү" баскычын басып, керектүү бөлүмдү тандоо;
– Бөлүмдөгү бардык милдеттүү талааларды толтуруу;
– "Төлөө" баскычын басуу менен төлөм транзакциясын түзүү;
– Банк картасы аркылуу төлөө ыкмасын тандоо;
– Төлөм системасын көрсөтүү (Элкарт, Visa или MasterCard) жана "Төлөөгө өтүү" баскычын басуу.
Бул кадамдарды аткаргандан кийин система колдонуучуну автоматтык түрдө транзакциянын статусу көрсөтүлө турган коопсуз төлөмдүн барагына багыттайт.
Белгилеп кетсек, коопсуздукту сактоо максатында банк карталарынын маалыматтары сакталбайт жана системага байланбайт.