akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-21-10, 03:01

    Финансы-кредиттик уюмдар жабыркаган тургундардын 13,5 млн сом насыясын кечишти

    Кыргызстандын финансы-кредиттик уюмдары Баткен жана Ош облустарынын тургундарына 13 миллион 527 миң сомго 250 насыяны кечишти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

    Мындан тышкары 2 млн 462 миң сомго 13 кредит реструктуризацияланган.

    Бул Улуттук банк Башкармасы тарабынан 6-октябрда кабыл алынган тиешелүү токтомдун алкагында жасалды.

    "Токтом республиканын Президентинин 17-сентябрдагы "Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Анын негизги максаты - ушул жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылыштан жабыркаган коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин кардарларына колдоо көрсөтүү", - деп түшүндүрөт көзөмөл органы.

    Бул токтомго ылайык, финансы-кредиттик уюмдар Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган кардарлардын бардык түшкөн арыздарын карап чыгышы керек.

    Кошумчалай кетсек, финансы-кредиттик уюмдардан алынган маалыматка караганда, 14-октябрга карата 300гө жакын кардар насыяларды эсептен чыгарууга арыз берген. Алардын кредиттеринин жалпы калдыгы 60 миллион 713 миң сомду түзөт.