Жарыяланган
2022-24-10, 05:16Ушул жылдын 24-октябрына карата турак жайлары күйүп кеткен Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына бир жолку компенсация катары 87 миллион 424,5 миң сом төлөндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоо максатында 16-сентябрда ачылган атайын эсептен компенсацияга акча бөлүндү.
Атайын эсеп ачылгандан тарта бүгүнкү күнгө чейин эсепке өткөн жылдагы 4 млн 898,2 миң сомдук калдыкты эске алуу менен 328 млн 359,8 миң сом түшкөн. Натыйжада, компенсацияга 26,6% жумшалды.