akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-04-09, 10:59

    «Кепилдик фонду» менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду кызматташуу келишимине кол коюшту

    “Кепилдик фонду” менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердик субъекттерин колдоо жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Кепилдик фондунун” басма сөз кызматы билдирди. 

    Бул келишимдин алкагында тараптар күрөөсү жетишсиз болгон учурларда кепилдик менен насыя берүү аркылуу ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү макулдашты. Бул кадам бизнести өнүктүрүүгө жана айрыкча экспортко жана импортту алмаштырууга багытталган ишкерлерди колдоого багытталган.

    Документке “Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Алмаз Мамбетов кол коюшту. Келишимге кол коюу аземинде эки тарап тең кызматташуу эки каржы институтуна тең Кыргызстандагы бизнести колдоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним билдирди.
     


    Тектеш материалды окуу