Жарыяланган
2024-22-11, 13:51"Кепилдик фонду" ААК Кыргызстандын аймактарында бизнести өнүктүрүүгө активдүү колдоо көрсөтүүнү улантууда. 2024-жылдын 10 айында фонд тарабынан жалпы суммасы 2 миллиард 744 миллион сомдон ашык акчага 2 миң 687 кепилдик берилген.
Анын 90%ы же 1 миллиард 784 миллион сомдон ашыгы аймактардагы ишкерлерди колдоого багытталган.
Бул аралыкта Жалал-Абад облусунда кепилдик колдоодон пайдаланган ишкерлердин саны 611 адамды түздү. Кепилдиктердин суммасы 246 миллион сомдон ашты, Чүй облусунун ишкерлерине 337 миллион сомго 435 кепилдик, Ош облусу менен Ош шаарында 194 миллион сомго 366 кепилдик берилген.
Кошумчалай кетсек, 953 кепилдик Ысык-Көл (305 млн сомго 245 кепилдик), Баткен (126 млн сомго 249 кепилдик), Талас (212 млн сомго 236 кепилдик) жана Нарындын (119 млн сомго 223 кепилдик) ишкерлери арасында бөлүштүрүлгөн. )