akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Минэкономики

    Жарыяланган

    2025-20-02, 08:16

    Бишкекте экономикалык өнүгүү үчүн бийлик менен бизнес кызматташтыгы талкууланды

    2025-жылдын 8-19-февралында Кыргызстандын Президентинин №1 мамлекеттик резиденциясында борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын, каржы институттарынын жана ишкердик чөйрөсүнүн кызматташтыгы боюнча негизги маселелер талкууланган кеңейтилген жыйын өттү.

    Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, областтык маанидеги шаарлардын мэрлери, ошондой эле каржы секторунун жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Экономика жана коммерция министрлигинин атынан биринчи орун басар Чоро Сейитов катышты.

    Негизги көңүл мамлекеттик жана каржылык кызматтарды көрсөтүү, инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле экономика жана башкаруу чөйрөсүндөгү алдыдагы реформаларга бурулду. Катышуучулар 2024-жылдагы жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, жетишкен натыйжаларды анализдеп, чечүүнү талап кылган негизги маселелерди аныкташты.

    Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана мэрлер аткарылган иштер боюнча отчет берип, 2025-жылга карата өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти. Өкмөттүк органдар, бизнес жана каржы институттарынын ортосундагы координацияны бекемдөөгө, инвестицияларды тартууга жана келечектүү демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды.


    Тектеш материалды окуу