akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-17-10, 11:17

    Бишкек-Нандын» акционерлери компанияны жоюу маселесин карайт

    "Бишкек-Нан" ачык акционердик коому акционерлердин кезексиз жыйынын өткөрөрүн билдирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

    Чогулуш 11-ноябрда болот. Күн тартибинде эки маанилүү маселе бар. Биринчиси, ишкананын жер тилкесинин бир бөлүгүн мамлекетке кайтаруу, экинчиси ишкананын мүлкүн сатуу жана "Бишкек-Нан" ишканасын жоюу.

    Кошумчалай кетсек, компания Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келет. 2018-жылы ал кайра каттоодон өткөн. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, "Бишкек-Нан" ишканасынын негизги ишмердүүлүгү – өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү болуп саналат.


    Тектеш материалды окуу