akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-26-12, 12:16

    «Ош Нуру» мейманкана комплекси мамлекетке алынды

    Ош шаарында жайгашкан "Ош Нуру" мейманканасы мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

    Маалыматка ылайык, объект кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында кайтарылды.

    Анын болжолдуу баасы 18 млн АКШ долларынан ашуун суммага бааланган жана 0,8 гектар жер тилкеси ээлейт.

    Мейманкана комплекси Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилди.

    "Ош Нуру" мейманканасы буга чейин мурдагы депутаттар, бир тууган Нургазы жана Салайдин Айдаровдорго тиешелүү экени маалым.


    Тектеш материалды окуу