Жарыяланган
2024-26-12, 10:48Кыргызстандын аймагына ак кантты ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө алты ай күчүндө болот жана жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатын көздөйт.
Бирок кумшекерге болгон импортту чектөө мөөнөтү такталган жок.