Жарыяланган
2024-18-06, 04:01Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жалпы суммасы 500 млн сомдук 500 миң баалуу кагаз өлчөмүндөгү жөнөкөй акциялардын жетинчи, кошумча чыгарылышын жайгаштырды. Бул баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесин өзгөртүүгө алып келди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Ага ылайык, Каржы министрлиги банктын жалгыз акционери бойдон калууда. Министрликтин жайгаштырууга чейинки үлүшү 18 млрд 200 млн сомду түздү, бул 18 млн 200 акцияга жана уставдык капиталдын 100%ына барабар.
Жаңы акцияларды жайгаштыруудан кийин уставдык капитал 18 млн 700 миң нуска менен 18 млрд 700 млн сомго чейин көбөйдү, ал эми министрликтин капиталдагы үлүшү өзгөрүүсүз калды.