akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-01, 11:45

    Ишкерлер 6 млрд сомго жакын суммада пайызсыз насыя алышты

    “Микро, кичи жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо” долбоорунун алкагында 2024-жылдын 1-январына карата 5 млрд 921 млн 785 миң 918 сом өлчөмүндө пайызсыз насыялар берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, 8 миң 929 ишкер жеңилдетилген насыя алган.

    • 1-категорияда (1 млн сомго чейин) 7 миң 788 ишкер, жалпы суммасы 4 млрд 219 млн 320 миң 243 сом насыя алган;
    • Ал эми 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1141 ишкер, жалпы суммасы 1 млрд 702 млн 465 миң 675 сом насыя алган. 

    Белгилеп кетсек, долбоор Кыргызстандын бардык аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.