akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-04-11, 08:45

    Ишкерлер пандемия учурундагы жеңилдиктер тууралуу билишкен эмес

    Азия өнүктүрүү банкы жана ООНдун өнүктүрүү Программасынын изилдөөсүндө, кичи ишкерлер пандемия маалындагы бизнес үчүн берилген жеңилдиктер тууралуу кабардар болушкан эмес.

    [news 29682]

    Бүгүн, Экономика министрлигинде пандемия учурунда экономиканын жабыр тарткан тармактарын калыбына келтирүү жана чакан жана орто бизнести колдоо механизмдерин иштеп чыгууга арналган жыйын болуп өттү.

    Экономика министри өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга тийиш болгон ар тараптуу колдоону караган мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуш кылды.

    Экономикалык саясаттын изилдөө институту тарабынан калктын аялуу катмарынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо көрсөткөндөй, көптөгөн ишкерлер чакан бизнес үчүн пандемия учурунда берилген жеңилдиктер жөнүндө билишкен эмес.