Жарыяланган
2024-28-02, 07:38Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Караколдо жергиликтүү электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысын аныктады.
Маалыматка ылайык, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-ферма иштетилип жатканы аныкталды.
“Майнинг-фермада криптовалюта чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулган”, - деп айтылат маалыматта.