Жарыяланган
2024-02-05, 07:002023-жылы майнинг фермалардан түшкөн салык мурунку жылга салыштырмалуу олуттуу өскөн. Бюджеттин аткарылышы боюнча бул тармактагы салыктык түшүүлөрдүн алгачкы болжолу 85 млн сомду түздү. Муну Каржы министрлигинин маалыматтары тастыктайт.
Бирок иш жүзүндөгү киреше күтүлгөндөн ашып, 93,7 млн сомго жеткен.
Бул пландагыдан 8,7 млн сомго, же 10,3%га ашык.