Жарыяланган
2024-11-09, 18:43Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 миллион доллар бөлөт.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, каражат “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоорун ишке ашырууга жумшалат.
Үйлөр Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган жарандарга берилет.