Жарыяланган
2023-18-04, 03:50Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолун реконструкциялоо жөнүндө” кредиттик макулдашуунун долбоору каралды.
Долбоор жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга, тактап айтканда Суусамыр — Талас — Тараз жолун жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы баасы 105,2 миллион долларды түзөт.
Белгилеп кетсек, буга чейин Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун курамында 25 жылга, анын ичинде 7 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө 50 миллион доллар өлчөмүндө насыя берген.
Бир күн мурун Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитети пайыздык чен - 1,20% жана комиссия - 0,5% менен 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө 20 жылга кошумча 45 миллион доллар тартуу боюнча документти бир эле учурда үч окууда ратификациялады.