Жарыяланган
2025-27-04, 15:03"Кан жана анын компоненттеринин донорлоруна акчалай компенсациясы берүү жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, кан жана анын компоненттерин тапшырган донорлорго төлөнө турган кенемтени көбөйтүү каралган. Бул документ 11-майда күчүнө кирет.
Акчалай кенемте:
– кан жана анын компоненттерин акысыз тапшырган донорго тамактанууга 300 сом акчалай кенемте бериле баштайт (азыр 100 сом);
– канын акы үчүн тапшырган донорго тамактанууга 800 сом кенемте төлөнөт (азыр 300 сом);
– эки жолку плазмаферезде плазманы же анын компоненттерин акы үчүн тапшырган донорго тамактанууга 1200 сом кенемте берилет (азыр 500 сом);
– тромбоциттердин эки дозасын акы үчүн тапшырган донорго 1200 сом кенемте төлөнөт (мурда акчалай кенемте болгон эмес);
– эки жолку плазмаферезде иммундук плазманы акы үчүн тапшырган донорго 1600 сом кенемте (азыр 700 сом) бериле баштайт.