akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-27-04, 19:06

    Ош шаарына кире бериште 32 үй жана 5 дүкөн түрттүрүлүп, ээлерине 67.8 млн сом кенемте төлөнөт

    Ош – Бишкек жолунан Ош шаарына кире турган жолду кеңейтүү үчүн 32 там жана 5 дүкөндү бузуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. 

    Депутаттын айтымында, түрттүрүлө турган тамдар, күркөлөр Шарк айылында жайгашкан. Алардын ээлерине кенемте төлөөгө жалпы 67.8 млн сом каралган. Төлөнө турган акчанын суммасын көз карандысыз баалоочу компания эсептеп берген. Ага ылайык, үй ээлеринин бири акчалай кенемтеге 600 миң сом, айрымдары 2 млн сомго чейин алат.

    Ал кенемтенин суммасы үй жана дүкөн ээлери күткөндөй болбошу мүмкүн экенин белгилейт. Бирок Бекешев бузула турган үйлөр үчүн мамлекет кенемте төлөп жатканын колдоого аларын билдирип, өлкөнүн башка жеринде жарандардын үйү түрттүрүлгөн учурда да кенемте берилсе туура болорун айтат. 


    Тектеш материалды окуу