akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-23-04, 09:05

    Ош шаарында Амир-Темир көчөсү оңдолууда

    Ош шаарында Амир-Темир көчөсү оңдолууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, учурда Амир-Темир көчөсүнүн Абдыкадыровдон Мамыров көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, жолду тегиздөө жана асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүүдө. Ошондой эле жаңы арыктар орнотулуп, жөө адамдар баса турган жол салынууда.  

    "Буга чейин аталган көчөдөгү кызыл сызыкка чыгып кеткен, талапка жооп бербеген курулуштар буздурулган. Арыктар алынган", - деп билдирет мэрия. 


    Тектеш материалды окуу