akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-20-04, 20:58

    Ошто 21-апрелге караган түнү Көкүм-Бий көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

    Ош шаарындагы Көкүм-Бий көчөсү капиталдык оңдоп-түзөө иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

     Маалыматка ылайык, 21-апрелге караган түнү саат 00:00до Көкүм-Бий көчөсүнүн Жапалак аймактык башкармалыгынын имаратынан Осмонов көчөсүнө чейинки (Барсбек каган айкели) бөлүгү жабылат.

    Мэрия Ош шаарына кирүү жана чыгуу жолдорун алдын ала пландап алууга чакырат жана келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен кароону суранат. 


    Тектеш материалды окуу