akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-30-07, 05:42

    «Кара-Көл» чакан ГЭСинин курулушуна 25 млн доллар жумшалат

    Каржы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд тарабынан "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коому жана "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" жабык акционердик коому менен 17,5 млн доллар суммасындагы "Кара-Көл" чакан гидроэлектстранциясын куруу жана пайдалануу долбоору боюнча кепилдик келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

    Долбоордун жалпы наркы 25 млн долларды түзөт, анын ичинен 17,5 млн доллар "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК тарабынан, 7,5 млн АКШ доллары "Жагалмай" ЖЧК тарабынан каржыланат.

    Белгиленгендей, "Кара-Көл" чакан гидроэлектранциясын ишке киргизүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана өлкөнүн бюджетине кошумча чегерүүлөрдү, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылары айтылат. 

    "Кара-Көл" ГЭСинин кубаттуулугу 18 МВт түзөт, орточо жылдык электр энергиясын иштеп чыгуусу 112,3 млн кВт*с, бул электр энергиясынын тартыштыгын 3,5%га жабат. "Кара-Көл" ГЭСин пайдаланууга берүү 2025-жылдын 1-жарым жылдыгынын аягына пландаштырылууда, ошондой эле бул долбоордун демилгечиси "Жагалмай" ЖЧКсы болуп саналат. 

     


    Тектеш материалды окуу