akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-11-07, 11:46

    Кара-Кулжа районунда 275 орундуу мектеп курулууда

    Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кайың-Талаа айылында 275 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Белгиленгендей, бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 70%ы бүттү. Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттен каржыланып башталган.

    Эски мектеп 1964-жылы курулган.