akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-17-06, 05:00

    Карантин талаптарын бузган орусиялыктар 1 млрд рубльдан ашык айып төлөшкөн

    Орусияда пандемияга байланыштуу коюлган чектөөлөрдү бузган жарандар 1 млрд рублдан ашык (14.3 млн доллар) айып төлөшкөн. Бул тууралуу Forbes басылмасы «Апология протест» укук коргоо уюмунун билдирүүсүнө таянуу менен билдирди. 

     

    [news 25250]

    Маалыматка ылайык, апрель айынын башынан тарта талаптарды бузган иш боюнча укук коргоо тармагына 400 миңге жакын иш келип түшкөн. Анын ичинен 16 миңге жакыны санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузулгандыгы үчүн айып тагылган. 

    Ад эми ушундай эле айып Татарстанда 56 миң, Краснодар аймагында 27 миң, 21 миң дагестандыкка жана Брян облусундагы 19 миң жаранга салынган.