akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-01-09, 08:15

    Салыкты убагында төлөбөгөндөргө 5 миң сомго чейин айып салынат

     1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу салык кызматы билдирет. 

    [news 27611]

    Эртен, 2-сентябрда турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

     

    Эгерде убагында төлөмдөр жүргүзүлбөсө анда физикалык жактар үчүн 1000 сомго чейин, юридикалык жактар үчүн  5 миң сомго чейин айып салынат. 

    Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

    Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.