akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-19-07, 03:25

    Казакстан Оштогу селден жабыркагандарга 40 тонна гумжардам жөнөттү

    Селден жабыркагандарга Казакстандан гуманитардык жардам келди. Гумжардам “BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” кайрымдуулук фондунун атынан Алматы шаарынан келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

    Белгиленгендей, Кыргызстанга кирген гуманитардык жардам Ош облусун карай жол тартты

    “Негизинен жардамдар кайрымдуулук фондуна казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар. Фонддун жетекчиси Перизат Кайрат”, - деп айтылат маалыматта.