akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-04-07, 04:11

    Өзбекстан Ноокатка 95 тонна гумжардам жеткирди

    Өзбекстандан селден жабыркаган Ноокат районунун тургундарына 95 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

    Белгиленгендей, гуманитардык жардам катары ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка азык-түлүктөр келген. 

    Эскерте кетсек,  28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда катуу жааган жамгырдан улам 125 үйдү суу каптап, 28 үйдүн ичине суу кирген, 11 үй жараксыз абалга келген.