Жарыяланган
2025-17-02, 11:45Мындан ары кыймылсыз мүлктү кайра каттоодо анын салыктык карызы жок экенин далилдеген маалымкат талап кылынбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, салык карызы бар же жок экени тууралуу маалымат автоматтык түрдө "Кадастр" мекемесинде жеткиликтүү болот.
Карыз болгон учурда, кыймылсыз мүлктү сатуучулар анын суммасы жана онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө дароо маалымат алышат. Карызды төлөгөндөн кийин, бүтүмдү дароо тариздесе болот.