Жарыяланган
2024-17-10, 09:42Бүгүн таңкы саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунан билдиришкендей, анын очогу Кытайдын аймагында болуп, Кыргызстандын калктуу пункттары Бедел, Ыштак, Кара-Сай айылдарында күчү 4 балл, ал эми Кумтөр кенинде 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.