Жарыяланган
2025-26-04, 17:34Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл өткөрмө бекеттер бир күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Кытайда Эмгек күнү майрамдала тургандыктан, коңшу мамлекеттин демилгеси менен "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 1-майда бир күнгө жабылат.
Аталган бекеттер 2-майда кайра иштей баштайт.