akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-01-08, 06:33

    «Кыргызалтын» геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү үчүн 15 лицензия алды

    “Кыргызалтын” геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү үчүн 15 лицензияга ээ болду. Бул тууралуу ишкананын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев билдирди.

    Ишкана эми лицензияларга ылайык, геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү иштерин баштайт. Алар төмөнкүлөр:

    - Үңкүрташ ири алтын кени (Үңкүрташ, Каратөбө, Сарытөбө);
    - Теректин жана Каракаланын алтын жана жез кендери;
    - Чакуш алтын кени;
    - “Миронов” алтын жана жарым металлдар кени;
    - Балажан кварцит кени;
    - Чекчей кварц кени;
    - Миң теке көмүр кени;
    -Таш-Булак участогу, Кызыл-Омпол кени.

    “Бул лицензиялар боюнча учурда активдүү иш алып барып жатабыз. Кендердин потенциалы изилденүүдө. Кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардын негизинде тигил же бул кенди биргеликте иштетүү боюнча инвесторлор арасында сынак уюштурулат”, - деп белгиледи Нарынбек Сатыбалдиев.