akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-02-10, 09:10

    Кыргызстан быйыл 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергиясын керектейт

    Кыргызстан быйыл күз-кыш мезгилине 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергиясын керектейт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

    Маалыматка ылайык, Түркмөнстандан 1 млрд 700 млн кВт/саат, Казакстан менен Россиядан ушундай эле көлөмдө, ал эми Өзбекстандан 500 млн кВт/саат электр жарыгы сатып алынат. 

    Жалпысынан 3 млрд 900 млн кВт/саат электр энергия импорттолот. Калган керектөө өлкөдөгү гидроэлектростанциялар менен жылуулук электр борборлору өндүргөн электр жарыгы менен жабылат.


    Тектеш материалды окуу