akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-01-10, 16:42

    Министр: Кышкысын электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт

    Кыргызстанда кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт, бирок  жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

    Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген учурда бир-эки саатка электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл. 

    "Жайкысын ысык болгондуктан, көпчүлүгү кондиционер, желдеткчитерди иштетип, колдонуу 32-35 миллион киловатт-сааттын ордуна 40 миллиондон ашты. Кышкысын жарык берүүнү чектебеш үчүн жарандар азыртан электр энергиясын үнөмдүү колдонушу керек", - деди министр.


    Тектеш материалды окуу