akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-20-08, 04:30

    Кыргызстан картошка экспортун көбөйттү

    Кыргызстан быйыл картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. 

    Маалыматка ылайык, быйыл январь – июнь айларында Кыргызстан чет жакка 32 миң тоннадан ашык картошка саткан. Былтыр 6 айда экспорт 16,6 миң тонна болгон.

    Кыргызстан картошканы 5 өлкөгө – Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Орусияга сатууда. Алардын ичинен картошка эң көп (83%) Өзбекстанга экспорттолгон: быйыл жарым жылда 26 миң 585,1 тонна сатылган. Бул көрсөткүч былтыркы 6 айга салыштырмалуу эки эсе көп.